2026-02-16
2025-жылдын 16-декабрында Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин Бозжол илимий изилдөө институту тарабынан уюштурулган "Адам философиясы: Европалык экзистенциализмден Ч. Айтматовдун гуманизмине" аттуу эл аралык конференцияга Философия бөлүмүнүн студенттери Айжамал Шайлообекова, Айжана Молдобекова жана Арсен Карыпбаев катышышып, баяндама жасашты.
4- курсунун студенти Айжамал Шайлообекованын "Чума менен "Кылым карытар бир күн" ортосундагы философиялык окшоштуктар" аттуу баяндамасы калыстар тобу тарабынан "Эн мыкты маданияттараралык талдоо" катары бааланып, сыйлыкка ээ болду. Студенттерибизди куттуктап, келечектеги илимий иштеринде ийгиликтерди каалайбыз.