2026-02-16


Кыргызстандын жана КМШнын "Мыкты студент» номинациясынын ээси Айзат Асанбекова


Философия бөлүмүнүн студенттери бөлүмдү, университетибизди өлкө ичинде жана чет  өлкөдө эл аралык деңгээлде таанытууну улантууда. Алардын бири - төртүнчү курстун студенти Айзат Асанбекова. Айзат 2025-жылдын декабрь айында Кыргыз жаштар кыймылы, Кыргыз жаштар конгресси жана "KEREMET HOLDING" ЖЧК тарабынан уюштурулган республикалык денгээлдеги "Кыргызстандын мыкты студенти - 2025" аттуу конкурста   'Кыргызстандын мыкты студенти' диплому жана сыйлыктар менен сыйланды.

Айзат ошондой эле Астана шаарында өткөн эл аралык "КМШнын эң мыкты студенти" аттуу конкурска катышып, калыстар тобу тарабынан "КМШнын мыкты студенти" номинациясынын жеӊүүчүсү деп табылды. Студентибизди мындай чоӊ жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана ага мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.



Dosya 1