2026-02-17
2025–2026-окуу жылынын күзгү семестринде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Бердибекова Айбийке Орхун алмашуу программасынын алкагында Бурса Улудаг университетинде билим алып келди.
Аталган программа аркылуу студент Философия бөлүмүндө окуусун улантып, чет өлкөлүк жогорку окуу жайдын билим берүү системасы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Окуу процессинен тышкары ар түрдүү илимий жана маданий иш-чараларга активдүү катышып, кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн жаңы, пайдалуу билимдерди жана тажрыйбаларды топтоду. Ошондой эле, эл аралык академиялык чөйрөдө жаңы достук байланыштарды түзүп, маданий алмашуунун алкагында баалуу тажрыйбага ээ болду. Бул мобилдүүлүк программасы студентибиздин илимий дүйнө таанымын кеңейтип, кесиптик багытын бекемдөөгө олуттуу салым кошту деп ойлойбуз. Мындан ары да ийгиликтердин жарала беришине тилектешпиз.