2026-02-20
2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Айдана Кенжебек кызы Орхун алмашуу программасынын негизинде Кырыккале университетине окууга жөнөдү.
Программага ылайык, студентибиз Кырыккале университетинде философия бөлүмүндө билим алып, башка өлкөнүн билим берүү тажрыйбасы жана академиялык чөйрөсү менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жазгы семестр ичинде ал теориялык билимдерин тереңдетип, жаңы илимий жана маданий тажрыйба топтойт.Бул алмашуу программасы студентибиздин интеллектуалдык өсүшүнө, кесиптик калыптанышына жана эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Айдана Кенжебек кызына окуу сапарында ийгиликтерди жана жогорку жетишкендиктерди каалайбыз.

