2026-02-20
2026-жылдын 11-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университети гуманитардык факультеттин философия бөлүмүнүн студенттери тарабынан «Жасалма интеллект (ЖИ) жана билим берүүнүн келечеги» аттуу тегерек стол уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги коноктору философия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айжамал Шайлообекова жана Камаладин университетинин экономика факультетинин маркетинг бөлүмүнүн студенти Айгүл Ратбекова болду. Философия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айжана Молдобекова модератор катары тегерек столду алып барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Айжамал Шайлообекова “ЖИнин билим берүүдөгү орду жана анын адамдын жашоосундагы терс таасири” аттуу темада, ал эми Айгүл Ратбекова “ЖИ адамга эмне пайда бере алат? темасында баяндама жасашты. Айжамал ЖИнин адам басына тийгизген терс жактары, технологиянын потенциалдуу коркунучтары жана этикалык көйгөйлөрү тууралуу доклад жасады. Ал эми Айгүл ЖИнин оң жактары, пайдасы жана аны туура колдонуунун жолдору тууралуу маалымат берди.
Тегерек стол интерактивдүү форматта өтүп, студенттер технологиянын мүмкүнчүлүктөрү менен бирге анын этикалык, социалдык жана академиялык кесепеттерин талкууга алышты. Тегерек столдун катышуучулары өз пикирлерин эркин билдирип, теманын айланасында жандуу жана конструктивдүү талкуу жүргүзүштү. Бул жасалма интеллекттин билим берүү чөйрөсүндөгү маанисин терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.



