2026-03-31


«Новая дорога в будущее» аттуу Ак-Суу айылындагы балдар үйүнө зыярат


 

2026-жылдын 27-мартында Философия бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери PhD А. Бабатаевдин жетекчилиги менен Ак-Суу айылындагы «Новая дорога в будущее» аттуу балдар үйүнө барышты. Балдар үйүнө бааруудагы негизги максат — балдар менен жакындан таанышуу, баарлашуу жана аларга жагымдуу маанай тартуулоо болду.

Жолугушууда студенттер балдар менен жылуу маектешип, чогуу убакыт өткөрүштү. Зыярат достук жана жылуу маанайда өтүп, балдар үчүн да, студенттер үчүн да эсте каларлык көз ирмемдерди жаратты. Бул жолугушуу студенттерге терең таасир калтырып, жакшы маанай менен жыйынтыкталды. Мындай сапарлар жаштардын боорукерлик, адамгерчилик жана коомдук жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарын бекемдөөгө өз салымын кошот деген ойдобуз.