2026-04-02
2026-жылдын 31-мартында «Бир студенттен – бир китеп» долбоорунун алкагында КТМУ Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетова, PhD, доц. Кишимжан Эшенкулова, философия багытынын магистранттары Исламбек Сапарбек уулу, Зарина Шайбекова, 4-курстун тайпа башчысы Абидин Чолпонкуловдон турган группа Ихлас эл аралык мектебинин администрациясы, мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү.
Мектептин мугалимдерине жана окуучуларына университетти таанытуу менен бирге, суроо-жооп форматында жолугушуу жана жакындан танышуу болуп өттү. Университет тарабынан бөлүнүп берилген, бөлүмдүн мугалимдери жана студенттери тарабынан топтолгон каражатка мектепке тиешелүү курал жарактар жана китептер алынып, белек катары тартуу кылынды.
Ихлас эл аралык мектебинин администрациясы жана мугалимдери мектептин окуу класстары, китепканасы, ашканасы, жатаканасы, спорт жайлары жана окуучулардын жетишкендиктери менен жакындан тааныштырышты. Мектептин администрациясы жана мугалимдери тарабынан балдарга көрүлүп жаткан камкордук колдоого татыктуу.
Философия бөлүмүнүн мындай долбоорду баштоодогу негизги максаты – окуучулардын жашоого болгон кызыгуусун арттыруу, алардын билимге болгон умтулуусун колдоо, интеллектуалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, моралдык жана материалдык жактан мүмкүнчүлүккө жараша жардам берүү жана жол көрсөтүү болуп саналат. Мындай иш-чараларды иш жүзүнө ашырууда четте калбай активдүү катышкан бөлүмүбүздүн студенттерине тереӊ ыраазычылык билдиребиз.


