2026-04-17
2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультеттин 210-аудиториясында Философия бөлүмүнүн студенттери тарабынан «Биз эркинбизби?» аттуу темада философиялык дебат болуп өттү. Талкууга бөлүмдүн студенттери катышып, эркиндик, тандоо жана жоопкерчилик тууралуу өз ойлорун бөлүшүштү. Дебатка ар бир курстан бирден, жалпы төрт студенттен турган эки курама команда катышты. Бир тарап «адам эркин» деген позицияны, ал эми экинчи тарап «адам эркин эмес» деген көз карашты коргоду. Абай Асанбеков, Айсезим Марлен кызы, Айтурган Эзенова, Айдана Шаймерденовадан турган команда «Биз эркинбиз» деген көз карашты колдосо, Кызжибек Макеева, Айбийке Бердибекова, Махфуза Кудайбердиева, Элиза Токтогуловадан турган команда «Биз эркин эмеспиз» деген ойду коргоого аракеттеништи.
Дебаттын уюштуруучусу 4-курстун студенти Аллаберди Баратахунов модератор болду. ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетова, PhD, доц. Кишимжан Эшенкулова PhD Абдирашит Бабатаев жана 4-курстун студенти Айжамал Шайлообекова калыстар тобунда орун алышты.
Талкуу абдан кызыктуу өтүп, эки тарап тең өз позициясын ишенимдүү коргоп чыгышты. Жеңүүчүнү аныктоо кыйын болуп, жыйынтыгында достук жеңди. Талкууга көрүүчүлөр жана окутуучулар да активдүү катышып, эркиндик түшүнүгүнүн философиялык мааниси, адамдын тандоосу, жоопкерчилиги жана коомдогу орду тууралуу баалуу пикирлерин билдиришти. Ар түрдүү көз караштар талкууланып, катышуучулар теманы тереңирээк аңдап түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, өз оюн так жана жүйөөлүү айтууга, ошондой эле философиялык маселелерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Келечекте мындай философиялык талкууларды көбүрөөк уюштуруу сунуштары айтылып, угармандар жана көрүүчүлөр да темага чоң кызыгуу менен катышышты.



