2026-05-12


Мураке айылындагы балдар үйүнө зыярат


 

2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери PhD А. Бабатаевдин жетекчилигинде Мураке айылындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үйүнө барышты.

Балдар менен жолугушуп, алардын чыгармачылыкка жана кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусуна күбө болуп кайтышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгенине карабастан, балдардын эмгекчилдиги, аракетчилдиги жана өз колдору менен жасаган буюмдары студенттерге терең таасир калтырды. Мындай иш-чаралар, эң оболу, адамгерчилик сезимин ойготуп, боорукерликке, түшүнүүгө жана коомдук жоопкерчиликке үндөйт. Ошондой эле мындай иш-чаралар студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, айлана-чөйрөгө кайдыгер карабоого тарбиялайт.