2026-05-26
2026-жылдын 12-май күнү Коммуникация факультетинин 513-аудиториясында Философия бөлүмүнүн 4-курстун студенттерин узатуу аземи өткөрүлдү. Бөлүмдүн 3-курсунун студенттери тарабынан уюштурулган иш-чарага бөлүмдүн мугалимдери, студенттери жана бүтүрүүчүлөр катышышты.
Кече этно стилде уюштурулуп, аудитория улуттук жасалгалар менен кооздолду. Кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын чагылдырган элементтер кечеге өзгөчө көрк берип, катышуучуларга жылуу маанай тартуулады. Иш-чаранын жүрүшүндө 4-курстун студенттерине арналган куттуктоо сөздөр айтылып, атайын даярдалган белектер мугалимдер тарабынан тапшырылды жана алардын окуудагы жетишкендиктери жана факультеттеги активдүү жашоосу белгиленди. Мугалимдер бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечектеги иштерине ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле студенттер да бүтүрүүчүлөргө калоо тилектерин айтып, ийгилик каалап коштошушту.
Узатуу кечеси достук, кубаныч жана толкундануу менен коштолуп, студенттик жылдардын унутулгус көз ирмемдерин эске салды. Кеченин соңунда бүтүрүүчүлөр менен сүрөткө түшүп, жагымдуу эскерүүлөр менен тарашты.


