2026-10-13


Орхун алмашуу программасынын алкагында келген PhD, доц.м.а. Өзден Өзкауа Демирхан Философия бөлүмүндө


2026-жылдын 17-29-сентябрында Орхун алмашуу программасынын алкагында Ибн Халдун университетинин Философия бөлүмүнүн  PhD доц. м.а. Өзден Өзкауа Демирхан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмүнө конок изилдөөчү катары келди. Өзден Өзкауа Философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер менен таанышып, сабактарга кирди.

Өзден Өзкауа 24-сентябрда саат 15:00дө 228-аудиторияда «Өздүк, аң-сезим жана жасалма акыл: Августинден азыркы жасалма интеллектке чейин» аттуу темада семинар өткөрдү.  Семинарга Философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер  катышышты. Семинар өздүк жана аң-сезим түшүнүктөрү философиянын тарыхы менен байланышта каралды. Августиндин философиялык көз караштарынын азыркы мезгилдеги жасалма интеллект менен болгон байланышы  маселеси катышуучулар арасында чоң талкууларды жаратты. Азыркы учурдагы жасалма интеллект менен байланышкан глобалдуу көйгөйлөр да ортого коюлуп кызыктуу суроо-жооптор болду.