2019-12-31


Социология бѳлүмүнүн ата-энелер чогулушу


2019-жылдын 25-декабрында Гуманитардык факультеттин декан жардамчысы доц.докт. Алпаслан Ашк, Социолоия бѳлүмүнүн башчысы проф.докт. Мустафа Орчан жана бѳлүмдүн окутуучулары студенттердин ата-энелери менен бирге чогулуш ѳткѳрүштү.

Ата-энелердин «Кыргыз-Түрк «Манас» университети» жана «Социология бѳлүмү» тууралуу пикирлери жана күтүүлѳрү ачык айтылды, ошону менен катар бѳлүм-ата-эне-студент ортосундагы байланыштардын маанилүүлүгү жѳнүндѳ жакшы сѳз болду.