2021-10-18


I- курс ориентация программасы


Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмү тарабынан «I- курс  ориентация программасы жыйыны» аттуу иш-чара алкагында  2021 -жылдын 15 -октябрында  Гуманитардык факультетинин имаратынын  228 жыйындар залында чогулуш өткөрүлдү. Университетибиздин проректору, ошондой эле кафедранын окутуучусу проф. докт.  Мустафа Орчан, Гуманитардык факультетин деканы проф. докт.. Ахмет Беше, бөлүм башчысы проф. докт. Жеват Өзюрт, Кафедранын окутуучулары жана кафедрага сырттан келип салым кошкон окутуучулар катышты. Программада I- курстун студенттерине университет, факультет жана бөлүм жөнүндө маалымат берилди. Университеттин жана бөлүмдүн мүмкүнчүлүктөрү бааланган жолугушуу студенттердин өздөрүн таанытуусу, күтүүлөрү, тилек, талап жана суроолору менен аяктады.