2022-03-14


Түрк мамлекеттери жана коомдоруэмоционалдык мамилелердин рационалдашуусу жана уюмдашуусу айдыңында семинары (проф. PhD Мустафа Орчан)


Университетибиздин проректору, ошондой эле гуманитардык факультеттин Социология бөлүмүнүн профессордук-окутуучу курамы проф. (PhD) Мустафа Орчан тарабынан 2022-жылдын 9-мартында “Түрк мамлекеттери жана коомдоруэмоционалдык мамилелердин рационалдашуусу жана уюмдашуусу айдыңында” аттуу семинар өткөрдү.

Семинарда эгемендүүлүктүн 30-жылдыгын белгилеген Түрк мамлекеттери жана Түрк дүйнөсүн туш болгон же кабылышы мүмкүн болгон экономикалык, саясий, билим берүү, тил, диний жашоо, үй-бүлө, демографиялык түзүлүш, урбанизация сыяктуу социалдык көйгөйлөргө басым жасалды. Түрк дүйнөсүнүн жалпы жана өзгөчө орток көйгөйлөрүнө чечүүчү жол жана сунуштарды киргизүү алкагында социалдык өзгөрүүлөр чечмеленди. Мындан тышкары, түрк мамлекеттеринин ортосунда маданият тармагында башталган жакындашуу жана кызматташтыктын акыркы жылдары күчөп, эл аралык институттарга жана институтташтырууга багыт алганы баса белгиленди.

Гуманитардык факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, Социология бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттер катышкан семинар суроо-жооп менен аяктады.







Dosya 1