2023-04-24


"Демография, үй-бүлө жана иденттүүлүк маселелери: социалдык-гуманитардык илимдердин айдыңында" аттуу симпозиуму


2023-жылдын 12-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имараттагы чоң жыйындар залында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун Социология жана социалдык иштер кафедрасы тарабынан "Демография, үй-бүлө жана иденттүүлүк маселелери социалдык-гуманитардык илимдердин айдыңында" аталышындагы жогорку окуу жайлар аралык студенттердин республикалык II Социологиялык симпозиуму өткөрүлдү. Студенттердин жана магистранттардын илимге болгон кызыгуусун  арттыруу максатында уюштурулган иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Бишкек мамлекеттик университетинин жана студенттери катышты. 

2022-жылдын 11-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмүнүн уюштуруусунда I «Университеттер аралык социология студенттик симпозиуму» болуп өткөн.