2023-10-30


1-курстун студенттери үчүн “Кош келгиле” программасы уюштурулду


2023-жылдын 27-октябрында социология бөлүмүнүн студенттери ушул эле бөлүмдүн 1-курсунун студенттери үчүн салттуу “Кош келгиле” программасын уюштурушту. Программага социология бөлүмүнүн бардык студенттери катышты. Гуманитардык факультеттин деканы PhD доктор, профессор Алпаслан Ашык, социология бөлүмүнүн башчысы PhD доктор, профессор Эртан Өзенсел жана бөлүмдүн окутуучулары сөз сүйлөп, жаңы студенттерди бөлүм менен тааныштырышты. Бөлүмдүн студенттери ыр, бий тартуулап, оюндарды көрсөтүштү.