2023-11-10


“Социологдор күнү: Кыргызстанда социология жана профессор Кусеин Исаевдин кыргыз социологиясындагы орду” аттуу илимий жыйын


Социология бөлүмү тарабынан “Социологдор күнү: Кыргызстанда социология жана профессор Кусеин Исаевдин кыргыз социологиясындагы орду” аттуу илимий жыйын уюштурулду. 

Илимий жыйында соц.и.к., доц. Таалай Шаршембиева "Кусеин  Исаев – улуу инсан, устат жана уюштуруучу",  соц.и.к., доц.м.а. Самарбек Сыргабаев "Кусеин Исаев – даанышман педагог жана коомдук агартуучу" жана соц.и.к., кенже илимий кызматкер Али Үнал "Эгемендүүлүктөн кийинки Кыргызстандагы иденттүүлүк маселеси К.Исаевдин көз карашында" аттуу билдирүүлөрүн окушту. 

Илимий жыйынга К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Социология жана саясий-укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары жана студенттери да катышты.