2023-12-21


Социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери 2023-2024-окуу жылындагы STJ-411 Практика II Педагогикалык практикадан ийгиликтүү өтүштү


Социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде STJ-411 Практика II (STJ-II Педагогикалык практика) сабагынын алкагында 11-октябрдан 7-декабрга чейин Бишкек шаарынын Ленин районундагы №97 жалпы орто билим берүү мектебинде “Адам жана коом” предмети боюнча педигогикалык практикадан ийгиликтүү  өтүштү.

Практика учурунда сабактын календарлык-тематикалык планы менен иш алып баруу, сабактын күнүмдүк планын жазуу, сабак өтүүдө ыкмаларды колдонуу, класс менен иш алып баруу жана натыйжалуу сабак өтүү процесстери боюнча иштерди алып алып барышты. Мектеп жетекчилиги жана тарых, адам жана коом предметинин мугалими студенттердин ишин эң жакшы деп баалады.