2024-02-21


Cоциология бөлүмүнүн окутуучулары Социология даярдоо курсунун студенттери менен жолугушту


2024-жылдын 20-февралында Социология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы университетибиздин Чет тилдер мектебинин даярдоо курсунда түрк тилин үйрөнүп жаткан социология бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту. «Таттуудан даам сызып, бал тилде сүйлөшөлү» деген мааниде студенттерге чай менен баклава берилди.

Социология бөлүмүнүн даярдоо курсунун студенттери менен жолугушууда социология бөлүмү жана кесиби тууралуу маалымат берилди. Бөлүмдүн окутуучулары студенттердин социологияга тиешелүү суроолоруна жооп беришти. Апрель айында Социология бөлүмүндө кайрадан жолугушуу тилеги менен таанышуу иш-чарасы аяктады.