2024-05-10


«МАДАНИЯТ ЖАНА САЛТ» АТТУУ III УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК СОЦИОЛОГИЯ СТУДЕНТТЕРИНИН СИМПОЗИУМУ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 22-апрелинде «Маданият жана салт» аттуу III улуттук университеттер аралык социология студенттеринин симпозиуму ийгиликтүү өттү. Симпозиум Кыргыз-Түрк “Манас” университети Гуманитардык факультет Социология бөлүмүнүн чамгарагында Ж.Баласагын ат. Кыргыз улуттук университети  Социология жана социалдык иштер кафедрасы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Социология жана саясий-укуктук дисциплиналар кафедрасы жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасы менен биргелешип уюштурулду. Жогоруда аты аталган окуу жайлардан билдирүү менен катышкан студенттердин докладдары абдан кызыктуу жана талкуу жараткан билдирүүлөр болду. 

Илимий иш-чаранын жыйынтыгында кийинки IV симпозиумду Бишкек мамлекеттик университети уюштуруу милдетин алышты.    

 

13.30: Ачылышы

Гимндер

“Манастын кыздары” бий тобу

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин таанытуу тасмасы

Ачылыш сөзү 

Кыргыз-Түрк “Манас” университенин Социология бөлүмүнүн башчысы PhD., проф. Эртан Өзенсел

К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетинин Социология жана саясий-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы

доц., соц.и.к. Самарбек Сыргабаев

Ж.Баласагын ат. Кыргыз улуттук университетинин Социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы

доц., соц.и.к. Абдикайым Жусубалиев

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедра

доц., т.и.к. Динара Молдокулова

Кыргыз-Түрк “Манас” университенин Гуманитарык факультетинин деканы PhD., проф. Алпаслан Ашык

14.00-17.30Симпозиумдун отурумдары