2024-05-13


"ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯ" аттуу III ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕРДИН ПЛЕНАРДЫК ЖЫЙЫНЫ (ОНЛАЙН)


 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомдук илимдер институтунун социология бөлүмүнүн магистратура, докторантура программасынын алкагында 2024-жылдын 15-майында «Иденттүүлүк жана цивилизация» аттуу III эл аралык студенттердин пленардык жыйыны Кыргызстандын убактысы боюнча 16:00до, Түркиянын убактысы боюнча 13:00до онлайн форматта болуп өттү.

Пленардык жыйынга Түркия Республикасынын Чанкыры Каратекин университетинин Социология бөлүмүнүн докторанты Саит Шахин «Цивилизация суфийлигинин иденттүүлүктүн калыптанышына таасири”;

Түркия Республикасынын Гиресун университетинин Социология бөлүмүнүн магистранты Седат Делиоглу “Модернизм-постмодернизм контекстинде социалдык иденттүүлүк жана маданий баскынчылык”;

Түркия Республикасынын Стамбул Маданият университетинин Социология бөлүмүнүн докторанты Мерве Түзүн “Түрк билим берүү идеясында иденттүүлүк жана цивилизация баалуулуктар (Нуреттин Топчу жана Махир Издин мисалында)”;

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Социология бөлүмүнүн магистранты Светлана Ыманбаева “Кыргызстанда “Адам жана коом” окуу китептеринде коомдук баалуулуктардын үзгүлтүксүздүгү жана өзгөрүүсү” аттуу коомдогу өзгөрүү процесстери тууралуу билдирүүлөрүн жасашты.







Dosya 1