2024-05-21


Карылар менен жолугушуу


Университетибиздин социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун/иш-чараларынын алкагында 2024-жылдын 18-майында  Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде «Карылар үйүнөн кабар алуу» иш-чарасы уюштурулду. Социология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышкан иш-чарада карылар үйүнүн бакчасы тазаланып, бакча көрктөндүрүлүп, гортензия, сирень гүлдөрү отургузулду.