2024-12-05


Кыргыз тилинин калыптанышы (Советтик доорго чейинки кыргыз көчмөндөрү мисалында)


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн семинарларынын алкагында, 2024-жылдын 4-ноябрында доц. м. а. Бактыбек Исаков  «Кыргыз тилинин калыптанышы (Советтик доорго чейинки кыргыз көчмөндөрү мисалында)» деген темада семинар берди. Семинарда, Кыргыз мамлекеттик улуттук илимдер академиясынан, Кол жазмалар фондунан алынган архивдик документтер жана автордун өзү жүргүзгөн талаа изилдөөлөрүнүн негизинде, кыргыз тилинин көчмөн турмушунда кандайча сакталып калгандыгы талкууланды. Семинарда уруктарды жайлоодо биригип, бир тилде сүйлөшүп, улуттук үрп-адаттарды, каада-салттарды биргелешип жүргүзүшкөнү, жана аны менен кыргыз тили диалектилерге бөлүнбөй сакталып калганы баса белгиленди. Катышуучулар тарабынан берилген суроолор негизинен көчмөн жашоо шартында кыргыз тилинин сакталып калуу себептери жана механизмдерине арналды. Бул семинар кыргыз тилин тарыхый жана социологиялык аспектилери боюнча жакшыраак түшүнүүгө өбөлгө түздү.