2026-03-02
2026-жылдын 26-февралында Гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн жазгы семестрдеги кезектеги семинары болуп өттү. Социология бөлүмүнүн башчысы, проф., д-р Али Яман тарабынан өткөрүлгөн семинарга факультеттин деканы, окутуучулар курамы жана студенттер катышты. "Түрк дүйнөсүндөгү советтик дин саясаты жана анын социологиялык кесепеттери" темасынын Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарына чейинки өнүгүүсү талкууланган бул баяндамада, советтик доордо жүргүзүлгөн динге каршы саясаттын деталдары ачыкталып берилди. Семинар андан ары тема боюнча суроо-жооптор менен уланды. Социология бөлүмүнүн семинарлары мындан ары да туруктуу түрдө өткөрүлүп турмакчы.
.jpeg)
