2026-03-10
2026-жылдын 4-февралында Социология бөлүмү тарабынан уюштурулган “Жаш социологдор жана келечектеги коом” аттуу иш-чара бөлүмдүн өнөктөштөрү катары бүтүрүүчүлөр катышты. Иш-чарага келген өнөктөштөр – Дулат Канат уулу жана Айзат Мусабек кызы. Алар өздөрүнүн эмгек өргүүсүндө да жумуш берүүчү катары, бүтүрүүчү катары бөлүмдүн окутуучулары жана студенттери менен эркин баарлашуу болду.
Дулат Канат уулу учурда кыргыз коомунда стол теннисин кеңири жайылтуу жана спорттук багытта өнүктүрүү максатында иш алып барууда. Ал ошондой эле Манас университетинде билим алып жаткан студенттер жана бүтүрүүчүлөр арасында стол теннис турнирин уюштуруп келет.
Айзат Мусабек кызы болсо M-Vector Research компаниясында социолог катары эмгектенет жана Социология бөлүмүнүн студенттерин практикалык иштерге тартууда. Ал келечектин социологдоруна социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасын үйрөтөт.
Иш-чаранын максатына ылайык, студенттер үчүн жумуш табуу процессинде жана жумуш издөөдө кездешкен кыйынчылыктар, социологдун айлык маянасы, жумуш берүүчүлөр тарабынан талап кылынган көндүмдөр, кесиптик престиж жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр сыяктуу темалар боюнча кеңири маалыматтар берилди жана катышуучулардын суроолору аркылуу дагы тереңдетилди. Студенттер өздөрүнүн окуган багытында эмгектенген бүтүрүүчүлөр менен түздөн-түз байланышып, суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
.jpeg)
.jpeg)