2026-жылдын 8-апрелинде биздин Адабият факультетинин Социология бөлүмүндө жазгы семестрдин кезектеги семинары өткөрүлдү. “Түрк дүйнөсүндө советтик дин саясаты жана анын социалдык таасирлери II” аттуу семинар 2026-жылдын 26-февралында өткөн семинардын уландысы болуп, Социология бөлүмүнүн башчысы, профессор доктор Али Яман тарабынан өткөрүлдү.
Семинарга факультетибиздин окутуучулары, докторанттар, магистранттар, бакалавр студенттери жана бул темага кызыккан академиялык жана административдик кызматкерлер катышты.
“Түрк дүйнөсүндө советтик дин саясаты жана анын социалдык таасирлери” темасындагы баяндамада Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарынан тартып 1990-жылдары Советтер Союзунун ыдырашына чейинки өзгөрүүлөр каралды. Ошондой эле СССР мезгилинде жүргүзүлгөн дин саясаты, анын ар кайсы доорлордо ар башкача ишке ашырылышы жана коомго тийгизген таасирлери кеңири талданды.
Социология бөлүмүбүздүн семинарлары мындан ары да ар түрдүү темалар менен улантылат.