2026-04-30


Жаш изилдөөчүлөрдүн ийгилиги: социология илиминдеги студенттик салым


2026-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарындагы УНПК «МУК» университетинин Чыгыш кампусунда “Котормо: Бизнес. Маданият жана Туризм” аталышындагы студенттик эл аралык илимий конференция болуп өттү. Конференциянын алкагында пленардык жыйындан кийин студенттер 6 секцияга бөлүнүп, ар түрдүү багыттар боюнча илимий докладдарын окушту.  
Социология илимдеринин кандидаты Нургуль Сулейманованын илимий жетекчилигинде КТМУнун Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Амантай Таштанбеков жана Мээрим Турдалиева өз секцияларында эң мыкты доклад деп табылып, I даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул жетишкендик студенттердин илимий потенциалын жана жетекчинин сапаттуу ишмердүүлүгүн айкын көрсөттү.
Амантай Таштанбеков “Ааламдашуу шартында Бишкек шаарындагы кыргыз жаштарынын улуттук иденттүүлүгүнүн трансформациясы жана «неотрадиционализм» феномени”, ал эми Мээрим Турдалиева “Кыргыз коомундагы керектөөнүн гендердик аспектилери” темасында доклад жасап, жогорку баага ээ болушту.