2026-05-13
Кафедрабыздын окутуучусу соц. ил. кан. Али Үнал тарабынан 2026-жылдын 28-апрелинде Совет мезгилинде Кыргызстанда жүргүзүлгөн коллективдештирүү саясатынын кыргыз коомунун жашоосуна тийгизген таасири тууралуу семинар өткөрүлдү. Окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана студенттер катышкан иш-чарада советтик мезгилдеги коллективдештирүү саясатынын кыргыз коомдук түзүлүшүнө тийгизген таасирлери талкууланды.
Семинарда 1920–1930-жылдары советтик бийлик тарабынан жүргүзүлгөн коллективдештирүү процесси көчмөн жашоо образын карманган кыргыз коомунда олуттуу экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдү жараткандыгы белгиленди. Салттуу мал чарба системасынын мамлекеттик көзөмөлгө алынышы, көчмөн жашоо образынын отурукташкан турмушка өткөрүлүшү жана колхоз системасынын кеңири жайылтылышы коомдо терең из калтырганы баса белгиленди.
Иш-чаранын алкагында коллективдештирүү мезгилиндеги экономикалык көйгөйлөр, көчүү процесстери жана коомдук өзгөрүүлөр архивдик документтердин жана илимий маалыматтардын негизинде каралды. Ошондой эле бул процесстин кыргыз элинин социалдык түзүлүшүнө жана маданий жашоосуна тийгизген узак мөөнөттүү таасирлери тууралуу пикирлер айтылды.
Семинардын аягында Кыргызстан тарыхындагы маанилүү бурулуш учурлардын бири болгон коллективдештирүү жарыянын ар тараптуу изилдөө өлкөнүн коомдук жана тарыхый өткөнүн түшүнүү үчүн чоң мааниге ээ экендиги белгиленди.
Семинар катышуучулардын суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)