2026-06-30


Социология бөлүмүнүн студенти Орхун алмашуу программасынын алкагында Түркияда билим алып келди


Социология бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Мунара Махамадалиева 2025-2026 окуу жылынын жазгы семестринде Орхун студенттик алмашуу программасынын алкагында Түркия Республикасынын Стамбул Тижарет университетинин Адам жана коом илимдери факультетинин Социология бөлүмүндө билим алды. Ал окуу мезгилинде академиялык программадагы дисциплиналарды ийгиликтүү өздөштүрүп, кесиптик билимин өркүндөтүү менен катар эл аралык академиялык чөйрөдө тажрыйба топтоду.
Мындан тышкары, Мунара Махамадалиева Стамбул Тижарет университети тарабынан уюштурулган “Маданият күнүнө” активдүү катышып, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, маданий баалуулуктарын жана улуттук мурасын таанытуу боюнча өз салымын кошту. Бул иш-чара маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү жана достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.
Орхун алмашуу программасы студенттерге чет өлкөлүк жогорку билим берүү системасы менен таанышууга, илимий жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, ошондой эле көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Мунара Махамадалиеванын бул программага ийгиликтүү катышуусу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүн колдоо боюнча жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн дагы бир ийгиликтүү жыйынтыгы болуп саналат.