2026-10-01
Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмүнүн бөлүм башчысы проф. д-р Али Яман 2026-жылдын 29-сентябрында саат 12:00дө онлайн форматта өткөрүлгөн "Keңeстік кезеңдегі сопылық дәстүр: зерттелуі мен өзекті мәселелері" (Совет мезгилиндеги суфий салты: изилдөө жана актуалдуу маселелер) аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Коркут Ата университети (Кызылорда, Казакстан) тарабынан уюштурулган конференцияда проф. д-р Али Яман "SSCB Dönemi Din Karşıtı 'Ğılımi' Ateizm ve Kutsal Yerler Siyaseti" (СССР доорундагы динге каршы "илимий" атеизм жана ыйык жерлер саясаты) темасындагы баяндамасын жасады.
Конференциянын алкагында совет мезгилиндеги суфий салтынын абалы, диний саясат жана ыйык жерлерге карата колдонулган практикалар сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. Проф. д-р. Али Ямандын баяндамасын катышуучулар кызыгуу менен угуп, жогору баалашты.



