2021-11-15


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата


Гуманитардык факультеттин Түркология бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 23-сентябрында ЭжБФ-228 семинарлар залында саат 16:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Азыркы кыргыз тилиндеги терминология маселелери” аттуу тегерек стол уюштурулду. Тегерек столду модератор катары Түркология бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., доц. Бурул Сагынбаева алып барды.

Иш-чараны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору Проф. Др. Асылбек Кулмырзаев өзүнүн ачылыш сөзү менен баштап берди.

Тегерек столдо Доц. Др. Таалайбек Абдиев, Др. Мирзат Ракимбек уулу, Проф. Др. Канат Кожобаев, Проф. Др. Асан Өмүралиев өздөрүнүн баяндамаларын окушту.