2021-11-15


Кош келипсиң, биринчи курс!


Түркология бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 5-ноябрында саат 16:00дөн 18:00гө чейин Ректораттын жыйындар залында салттуу иш-чарага айланган "Кош келипсиң, биринчи курс!" аттуу программа ишке ашырылды. Биринчи курстун студенттерин Бөлүмдүн окутуучулук жамааты менен, башка курстардын студенттери менен тааныштыруу максатында жыл сайын уюштурулган бул иш-чаранын кезектегисине Түркология бөлүмүнүн бардык окутуучулук жамааты, 2, 3 жана 4-курстун студенттери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир курстун студенттери өздөрүн таанытуу менен бирге өздөрү даярдаган чакан концерттик программаларын да көрсөтүштү. Программанын акырында Бөлүмдүн окутуучулары да өздөрүн таанытып, студенттерге өз кеңештерин берип, аларга ийгилик каалап өтүштү.