2021-11-19


"Илимге багыт берген аалымдар: К. Тыныстанов, К. Карасаев" аттуу конференция болуп өттү.


      2021-жылдын 18-ноябрында "Касым Тыныстанов" жыйындар залында Тыныстановдун жана Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата "Илимге багыт берген аалымдар" аттуу конференция болуп өттү. Жыйында К. Тыныстанов жана К. Карасаевдин ишмердүүлүктөрү жана калтырган эмгектери тууралуу баяндамалар окулду. Иш-чарага К. Карасаевдин кызы Карасаева Алтынай Кусеиновна да келип катышты. Отурумдар аяктаганда, баяндамачыларга, иш-чаранын уюштуруучуларына сертификаттар тапшырылды. Иш-чара Түркология бөлүмүнүн студенттеринин көркөм ыр окуусу жана чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.