2021-12-14


Улуттук адабият күнү


2021-жылдын 13-декабрында Түркология бөлүмүнүн студенттеринин "Жаңырык" адабий клубу тарабынан Улуттук адабият күнүнө карата маданий иш-чара уюштурулду. Бөлүмдүн окутуучусу ф.и.д., профессор Лайли Үкүбаева ачылыш сөзүн сүйлөп, Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Программанын жүрүшүндө бөлүмдүн студенттери кыргыз адабиятынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун кыскача өмүр баяндарын камтыган тасмаларды көрсөтүшүп, залкарлардын жашоосуна жана чыгармаларына тиешелүү айрым учурларды сахналаштырып, катышуучулардын назарына сунушту.