2021-12-14


Зияш Бектеновдун 110 жылдыгына карата илимий жыйын


2021-жылдын 14-декабрында Гуманитардык факультеттин 228-жыйындар залында Түркология бөлүмү тарабынан Зияш Бектеновдун 110 жылдыгына карата илимий жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиев Зияш Бектеновдун өмүрү жана доору тууралуу айтып берди. PhD, доц м.а. Халит Ашлар болсо өзүнүн баяндамасында Зияш Бектеновдун кыргыз маданиятына кошкон салымына токтолду. Жыйындын акырында ага окутуучу Чынар Жылкычиева Зияш Бектеновдун фольклористика илиминдеги орду тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.