2022-02-18


Эл аралык эне тил күнүнө карата жаш түркологдордун "Зирек" аттуу акыл таймашы


Эл аралык эне тил күнүнө карата Түркология бөлүмүнүн магистранттары тарабынан 2022-жылдын 21-февралында саат 15:00дө "К. Тыныстанов" жыйындар залында жаш түркологдордун "Зирек" аттуу акыл таймашы өткөрүлөт. Таймашка Түркология бөлүмүнүн 1, 2, 3, 4-курстарынын студенттери катыша алышат. Бир команда 5 катышуучудан түзүлөт. Катышууну каалагандар 0 770 67 30 95 телефонуна чалып, Уюштуруу тобунан маалымат ала алышат.