2023-05-30
2023-жылдын 27-мартында "Манас" университетинин Евразия тарых, тил жана археология илимий-изилдөө институту менен Түркология бөлүмү тарабынан Жоханнес Гутенберг университетинин окутуучусу Проф. Др. Рысбек Алимовдун "Түрк-монгол тилдик байланыштарында кыргыз тилинин орду" аттуу семинары уюштурулду.
Семинардын башында Евразия тарых, тил жана археология илимий-изилдөө институтунун башчысынын орун басары Проф. Др. Аныл Йылмаз катышуучуларга Рысбек Алимовду тааныштырды.
Проф. Др. Рысбек Алимов катышуучуларга түрк-монгол тилдеринин тектештиги, аталган тилдердин карым-катнаштарынын жыйынтыктары, карым-катнаштардын тарыхый катмарлары, түрк тилдериндеги монголчодон өздөштүрүүлөрдүн тарыхый катмарлары сыяктуу темаларда маалымат берди.
Медиа-"Манас"
Кабар видеосу: https://youtu.be/6A8IVQ3OwWI
Кабар фотосүрөттөрү: http://mediamanas.kg/lang-tr/4900-gutenberg-niversitesi-retim-yesi-alimov-manasta-seminer-verdi.html