2023-09-27


"Манас" дастанындагы эскирген сөздөр" аттуу семинардын кулактандыруусу


2023-жылдын 28-сентябрында саат 16.00дө Гуманитардык факультеттин имаратынын 229 номерлүү семинарлар залында Түркология бөлүмүнүн окутуучусу PhD, доц.м.а. Мирзат Ракимбек уулунун ""Манас" дастанындагы эскирген сөздөр" аттуу семинары болмокчу. Каалагандар үчүн эшигибиз ачык.