2023-10-20


Проф. Dr. Шейхмус Режаи Текоглу түркология бөлүмүнүн студенттерине «Байыркы тилдер» деген темада лекция окуду


2023-жылдын 5-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин №229 семинар залында, Докуз Эйлүл университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн, окутуучусу проф. док. Шейхмус Режаи Текоглу «Байыркы тилдер» деген темада лекция окуду. Байыркы тилдерди изилдөө ыкмалары жана бул тилдердин бүгүнкү күндөгү мааниси боюнча лекция абдан натыйжалуу болду. Ш.Р.Текоглу тил илими жана лингвистика жаатындагы тажрыйбасын студенттерибиз менен бөлүштү. Кыргызстанда жана университетибизге келгени үчүн сыймыктанганын айтты. Курстун аягында Ш.Р.Текоглу түркология жана филология бөлүмдөрүнүн окутуучулары жана студенттери менен илимий долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аракет кыларын билдирди.