2023-11-15


1-курстун студенттери үчүн “Кош келдиң” программасы уюштурулду.


2023-жылдын 14-ноябрында Түркология бөлүмүнүн студенттери тарабынан ушул эле бөлүмдүн 1-курсунун студенттери үчүн салттуу “Кош келдиң” программасы уюштурулду. Программага түркология бөлүмүнүн студенттери жана тил даярдоо бөлүмүнүн студенттери да катышты. Программада гуманитардык факультетин деканы проф.др. Алпаслан Ашык, түркология бөлүмүнүн башчысы проф.док. Озан Йылмаз сөз сүйлөп, жаңы студенттерге бөлүмдү тааныштырды. Кафедранын студенттери ырдап, бийлеп жана оюн-зоок тартуулашты.