2023-11-17


Түркология бөлүмүндө ага окутуучу, PhD Негизбек Шабданалиев «Апта күндөрү жана алардын аталыштары тууралуу» темасында семинар өткөрдү.


2023-жылдын 16-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин 229-семинар салонунда Түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу PhD Негизбек Шабданалиевдин «Апта күндөрү жана алардын аталыштары тууралуу» деген темадагы семинары болуп өттү.  Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда апта күндөрү, булардын аталыштары, дүйнөдө жети күндүк апта системасынын таралыш себептери, булардын калыптанышында диний түшүнүктөрдүн орду деген сыяктуу маселелер каралды. Семинардын акырында угуучулардын суроолоруна жооп берилди.