2023-12-22


Түркология бөлүмүндө ага окутуучу Чынар Жылкычиева «Кыргыз элинин санат ырлары» темасында семинар өткөрдү.


2023-жылдын 21-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин 229-семинар салонунда Түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу Чынар Жылкычиеванын «Кыргыз элинин санат ырлары» деген темадагы семинары болуп өттү.  Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда элдик санат, насыят ырларынын поэтикасы, философиясы жана функциясы талкууланды. Семинардын акырында угуучулардын суроолоруна жооп берилди.