2023-12-28


Түркология бөлүмүнүн окутуучусу доц. PhD. Халит Ашлар «Касым Тыныстановдун окуу китептериндеги тексттер» темасында семинар өткөрдү.


2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин 228-семинар салонунда Түркология бөлүмүнүн окутуучусу доц., PhD Халит Ашлардын «Касым Тыныстановдун окуу китептериндеги тексттер» деген темадагы семинары болуп өттү.  Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда К.Тыныстановдун алгачкы кыргыз тили китебиндеги мисал катары алынган тексттердин табияты талкууга алынды. Семинардын акырында угуучулардын суроолоруна жооп берилди.