2024-05-08


«Жусуп Баласагун жаштардын көзү менен» аттуу конкурстун сыйлыктары тапшырылды


«Жусуп Баласагун жаштардын көзү менен» аттуу конкурс жыйынтыкталды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультети жана Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган «Жусуп Баласагун жаштардын көзү менен» аттуу конкурстун жыйынтыктары 2024-жыл 07-майда университетибиздин К.Тыныстанов жыйындар залында жарыяланды. Сыйлуу орундарга ээ болгон студенттерибизге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бул калыстар тобуна дагы ыраазычылык грамоталар тапшырылды.

Жеңүүчү студенттерибизди куттуктайбыз!