2024-05-15


Бахар Бердиеванын « XVIII кылымдын атактуу түркмөн акыны Махтумкули Фраги» деген темадагы семинары болуп өттү


2024-жылдын 15-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-семинарлар салонунда Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин атташеси Бахар Бердиеванын « XVIII кылымдын атактуу түркмөн акыны Махтумкули Фраги» деген темадагы семинары болуп өттү.  Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда Махтумкули Фраги жана чыгармалары жөнүндө сөз болду. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.