2024-05-16


доц., док. Жем Эрдемдин «Польшадагы Түркологиялык изилдөөлөр» деген темадагы семинары болуп өттү.


2024-жылдын 16-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-семинарлар салонунда Познандагы Адам Мицкевич университетинин окутуучусу доц., док. Жем Эрдемдин «Польшадагы Түркологиялык изилдөөлөр» деген темадагы семинары болуп өттү.  Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда доц., док. Жем Эрдем Польшадагы  түркологдор жана алардын изилдөөлөрү жөнүндө баяндады. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.