2024-05-19


Түркология бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери кыргыз элинин белгилүү классик акыны Алыкул Осмоновдун амфитеатр-музейине барышты.


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестринде  социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 18-май күнү Түркология бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери Чүй областынын Панфилов районуна караштуу Каптал Арык айылында жайгашкан кыргыз элинин белгилүү классик акыны Алыкул Осмоновдун амфитеатр-музейине барышты. Музей кыдырып, студенттерибиз акындын жана жаш акын студенттерибиз өз ырларын окушту.

 Иш-чара билим берүүгө чыгармачыл мамиле жасоого үндөө, студенттерди улуттук мурастарды баалоого чакыруу жана жаштарга өз маданиятын билүүгө жардам берүү максатында өткөрүлдү. Иш-чаранын аягында студенттер мындай маданий саякат уюштуруп жатканына ыраазы экендиктерин билдиришти.