2024-10-16


Шерубай Курманбай уулунун «Ахмет Байтурсун уулу жана түрк тилдеринин терминология маселеси» аттуу семинары болуп өттү


2024-жыл 17-октябрь саат 16:30до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин 216-чогулуш залында Казахстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Шерубай Курманбай уулунун «Ахмет Байтурсун уулу жана түрк тилинин терминология маселеси» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда жалпы түрк тилдериндеги бирдиктүү терминология маселеси жөнүндө маалымат берилди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.