2024-10-24


ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиевдин "Этимологиялык этюддар" аттуу семинары болуп өттү


2024-жыл 24-октябрь саат 16:00до Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-чогулуш залында филология илимдеринин кандидаты, доцент Таалайбек Абдиевдин «Этимологиялык этюддар» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда кыргыз тилиндеги айрым топоним, фразеологизм жана өздөштөтүрүлгөн сөздөрдүн этимологиясы жөнүндө маалымат берилди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.