2024-11-14


Дивану лүгат-ит түрк жана Махмуд Кашгарини эскерүү иш-чарасы. Дивану лүгат-ит түрк: 950-жыл» панели уюштурулду


2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Анкара коомдук илимдер университети, ТИКА жана Түрксой уюмдары биргелешип, «Дивану лүгат-ит түрк: 950-жыл» атындагы Дивану лүгат-ит түрк жана Махмуд Кашгарини эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Университетибиздин Ректору проф., док. Алпаслан Жейлан, Биринчи проректору доц., док. Алмазбек Ибраев жана Анкара коомдук илимдер университетинин ректору проф., док. Муса Казым Арыжан куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, Махмуд Кашгаринин “Дивану лүгат-ит түрк” эмгеги түрк дүйнөсүнүн баа жеткис тарыхый жана маданий булагы экенин баса белгилешти. Илимий отурумдарда Түркиядан келген проф., док. Бүлент Гүл, проф., док. Акартүрк Карахан, проф., док. Мехмет Вефа Налбант, проф., док. Ахмет Гүншен жана университетибиздин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн башчысы проф., док. Бурул Сагынбаева, түркология бөлүмүнүн доц.м.а., док. Негизбек Шабданалиев Дивану лүгат-ит түрк жана Махмуд Кашгари боюнча баяндамаларын окушту. Иш-чаранын соӊунда суроо-жооп түрүндө талкуу орун алып, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.